Чүй облусундагы Озеро айылында орто мектептин курулуш иштери башталды. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Жаңы мектеп 375 орунга ылайыкталган. Долбоордун жалпы суммасы - 1.3 млн долларды түзөт жана Сауд өнүктүрүү фонду каржылайт. Курулуш иштери 2021-жылы бүткөрүлөт деп жазылат маалыматта.
Бүгүнкү күндө окуучулар 200 орундуу эски мектепте окушат.