2019-жылдын декабрь айында республикалык бюджеттин чыгашасы 19.2 млрд сомду түзгөн. Анын ичинен дээрлик 5 млрд сомдон ашыгы - бюджет тармагында иштегендердин эмгек акысына которулган. Бул тууралуу карды министрлиги билдирет.
Мамлекеттик башкаруу тармагындагы грантка - 3.5 млрд сом, мамкарызга - 3.4 млрд сом каралган.
Товар жана кызматтарды колдонууга мамлекеттик бюджеттен 1.3 млрд сом коротулган. Жөлөк пулга 851 млн сом жумшалган.