Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл жүгөрүнүн аянты эки эсеге көбөйүшү керек.
[жаңылыктар 34011]
Эгерде өткөн жылы Жети-Өгүз районунун дыйкандары 49 гектарга жүгөрү сепкен болсо, быйыл 100 гектарга жакын аянтка жүгөрү эгиши күтүлүүдө. Түшүмдүн көпчүлүгү малдын тоютуна кетет деп пландалууда.
Бул иш-чарага Дүйнөлүк Банктын долбоору көмөктөштү, артыкчылык Жети-Өгүз районунун дыйкандарына берилди.
Долбоордун алкагында адистер тийиштүү консультацияларды өткөрүп жатышат.