ЕАЭС мамлекеттеринде 2019-жылдын октябрь айынын жыйынтыгы менен, ишсиз жарандардын саны 967.3 миңди түзгөн.
2018-жылдын октябрь айы менен салыштырып караганда, ЕАЭСте жумушсуз жарандардын саны 4.7% өскөн. Бул үстүбүздөгү жылдын сентябрь айына салыштырмалуу 27.4 миң жаранга аз болгон.
Үстүбүздөгү жылдын акыркы берилген маалыматына ылайык, жумушсуз жарандардын саны Арменияда II кварталдын жыйынтыгы менен - 17.7% , Беларусияда III кварталдын жыйынтыгы менен - 3.9%, Казакстанда III кварталдын жыйынтыгы менен - 4.8%, Россияда III кварталдын жыйынтыгы менен - 4.4% түзөт. Ал эми Кыргызстанда 2018-жылдын жыйынтыгы менен - 6.2% түзөт.