ЕАЭБ органикалык продуктылар менен соода кылууну каалайт. Бул маселени орус өкмөтүнүн башчысы Михаил Мишустин Ысык-Көлдө өтүп жаткан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунда көтөрдү.
"Дүйнөдө органикалык продукциянын популярдуулугуна байланыштуу ЕАЭБ өлкөлөрү ЕАЭБдин аймагында мындай продукциянын тоскоолдуксуз кыймылын камсыз кылышы керек", - деп белгиледи Мишустин.
Орус өкмөтүнүн башчысы белгилегендей, экологиялык продуктыларга карата талаптарды бекитүү да зарыл.