Бүгүн, 26-августта Евразия өкмөттөр аралык кеңешинде Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) делегация башчылары соодада эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн улуттук валюталарын колдонууну кеңейтүү маселесин талкуулашат.
Эске салсак, бүгүн Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтүүдө.
Иш-чарага Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларусиянын өкмөт башчысы Роман Головченко, Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов, Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин, ЕЭК коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович, Азербайжандын премьер-министри Али Асадов, ошондой эле Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов катышууда.
Белгилеп кетсек, бүгүн 70тен ашык документке кол коюу, ошондой эле иштеп жаткан 25 келишимге өзгөртүү киргизүү пландалууда.