ЕАЭБ чек арадан контейнерлерди ташууну жөнөкөйлөтөт

13.08.2021, 09:40 Акчабар
ЕАЭБ чек арадан контейнерлерди ташууну жөнөкөйлөтөт

ЕАЭБ контейнерлерди бажы чек арасы аркылуу өткөрүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн тартибин орнотот. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын сайтында маалымдалды.

Мындай чечим ЕАЭБдеги бажы жөнгө салууну жакшыртуу боюнча жумушчу топтун отурумунда кабыл алынды. Талкууну ЕЭКтин Бажы кызматташтыгы боюнча министри Максат Мамытканов алып барды.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө биримдикке мүчө эмес мамлекеттин портуна кирбестен, соода ташууларында жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн кемелерди жылдыруу маселелери талкууланды.

Кошумчалай кетсек, биримдикте бажы жөнгө салууну андан ары жакшыртуу боюнча системалуу иштер 2025 -жылга чейин евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары менен камсыздалган.

Тэги: экономика Борбор Азия экономика ЕАЭС ЕЭК

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу