ЕАЭБ айыл чарба продукцияларына квота түздү

18.08.2021, 11:40 Акчабар
ЕАЭБ айыл чарба продукцияларына квота түздү

ЕЭК коллегиясы айрым айыл чарба продукцияларын импорттоо үчүн тарифтик квоталарды белгиледи. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын сайтында маалымдалды.

Божомолго ылайык, быйыл продукцияны керектөөнүн көлөмү өндүрүштөн ашып кетиши күтүлүүдө. Алсак:

  • бодо малдын эти үчүн 237,4 миң тонна өлчөмүндө;
  • канаттуулардын эти - 281,3 миң тонна;
  • сүт сывороткасы- 0,5 миң тонна.

Армения, Беларусь жана Кыргызстан үчүн тарифтик квоталар тараптар сураган көлөмдөрдү эске алуу менен өндүрүш менен керектөөнүн ортосундагы айырманын чегинде аныкталат.

Муну менен бодо малдын эти үчүн квоталар төмөнкүдөй болот:

  • Армения үчүн 5 миң тонна;
  • Казакстан үчүн 21 миң тонна;
  • Кыргызстан үчүн 5 миң тонна;
  • Орусия үчүн 570 миң тонна.

Эт жана үй канаттуулары:

  • Армения үчүн 44 миң тонна;
  • Беларусь үчүн 10,9 миң тонна;
  • Казакстан үчүн 140 миң тонна;
  • Кыргызстан үчүн 58 миң тонна;
  • Орусия үчүн 364 миң тонна.

Казакстан менен Орусия үчүн 2022-жылга тарифтик квоталар мамлекеттердин дүйнөлүк соода уюмундагы протоколдордо белгиленген өлчөмдө белгиленерин кошумчалайбыз.

 

 

Тэги: квоты МИнсельхоз КР ЕАЭС ЕЭК сельхозпродукция

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу