Азамат Оросбаев ЕЭКке кызматка дайындалды

18.05.2021, 10:00 Акчабар
Азамат Оросбаев ЕЭКке кызматка дайындалды

Азамат Оросбаев ЕЭКтин статистика департаментинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын сайтында маалымдалды.

Азамат Оросбаев эмгек жолун 2003-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинде баштаган. Ал биринчи категориядагы адистен Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басарлыгына, төраганын биринчи орун басарына чейинки жолду басып өткөн.

Акыркы үч жыл ичинде ал Евразия экономикалык комиссиясы жана КМШ өлкөлөрүнүн жана чет мамлекеттердин мамлекеттик статистика органдары менен кызматташууну көзөмөлдөгөн.

Жаңы кызматка болсо ушул жылдын 14-майында дайындалды. 

Тэги: экономика статистика ЕЭК ЕАЭС кадровые назначения

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу