ЕЭК Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы өткөрүү пунктун реконструкциялоону сунуштады

09.06.2022, 11:07 Акчабар
ЕЭК Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы өткөрүү пунктун реконструкциялоону сунуштады

Евразия экономикалык комиссиясы Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы өткөрмө бекеттердеги талаштуу жагдайды талкуулады. Бул тууралуу анын расмий сайтында маалымдалды.

Жыйын шаршемби күнү, 8-июнда ЕЭКтин штаб-квартирасында коллегиянын жетекчиси Михаил Мясниковичтин төрагалыгы алдында болуп, ал Казакстан менен Кыргызстан түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу үчүн маалымат алмашууну жакшыртуу керектигин белгиледи.

"Тараптар чек арага жөнөтүлгөн жүктөрдү ташууга ички көзөмөлдү уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карашы керек. Акыр-аягы, өткөрүү пункттарын реконструкциялоо зарыл", - деп баса белгиледи Мясникович.

Эске салсак, Евразия экономикалык форумунун жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин 26-27-май күндөрү Бишкекте өткөн жыйынынын алкагында кыргыз тарап кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттеринде талаштуу жагдайлардын бар экендиги тууралуу маселени көтөргөн.

Буга байланыштуу 3-июнда Бажы кызматташтыгы министри Максат Мамытканов баштаган комиссия Казакстан, Кыргызстан жана Россиянын өкүлдөрү менен биргеликте кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө бекеттерине барышты. 

Иш сапардын жыйынтыгында Казакстандын чек арадан товарларды өткөрүү боюнча маалыматы комиссия тарабынан ката жана туура эмес деп табылды.

Тэги: ЕЭК Михаил Мясникович кыргызско-казахская граница

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу