Быйыл 2,9 миң аз камсыз үй-бүлө өз бизнесин баштады

11.11.2022, 13:48 Акчабар
Быйыл 2,9 миң аз камсыз үй-бүлө өз бизнесин баштады

Быйыл 2900 аз камсыз болгон үй-бүлө мамлекет менен “Социалдык келишим” түзүп, жеке бизнесин ачты. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин сайтына жарыяланды. 

Мекеменин маалыматы боюнча, аз камсыз үй-бүлөлөрдүн басымдуу бөлүгү “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулунун ордуна 100 миң сом алган. Бул каражатка алар күнөскана жана унаа оңдоочу жайларды ачып, ширетүү аппараттарын алуу, мал сатуу сыяктуу жеке чарбаларын уюштурушкан.   

“Кийинки жылы 10 миң аз камсыз болгон үй-бүлө менен ушундай келишимдерди түзүүнү пландап жатабыз. Негизги принцип – балыкты кармап берүү эмес, балык кармоо үчүн кайырмак берүү”, - дейт Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев.

 

Тэги: новости Кыргызстана бизнес малоимущие социальный контракт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу