Google Play Store шпиондук тиркеме аныкталды

19.07.2019, 15:00
Google Play Store шпиондук тиркеме аныкталды

Avast  антивирустук компания  Google Play Store жакындарын, коллегаларын көзөмөлгө  алган 7 тиркеме бар экенин аныктады. Бул тууралуу  banki.ru жазып чыкты. 

Google  дароо аларды колдонуудан алганга жетишти. Бирок, зыян келтирген программалар 130 мин жолу  жүктөө жасалган.  Кимдир бирөөнүн телефону аркылуу байкоо  салуу үчүн  атайын тиркемени жуктөп, ага почтасын киргизип коет. Андан кийин гаджеттеги баардык маалыматтар тиркемени жүктөгөн адамдын почтасына келип турат. 

«Сиз тиркемени гаджетке орнотуп, аны почтага байлаган соң, дагы бир программа өзү жүктөлөт. Ошондо алгачкы тиркемени жок кылып саласың. Ошондуктан, келечектеги "кайрымакка илинген"  адам аны көрбөй калат. Тиркеме адамдын жүргөн жерин, анын контактарын, СМС жана телефон чалуулардын тарыхын чогултуу кудуретине ээ. Алтургай,  WhatsApp  менен Viber мессендерлерине дагы кирүүгө болот», —деп билдирген эксперттер.

 Avast мындай тиркемелер тарабашы керек деп эсептейт.Анткени, адамдар арасында этикага туура келбеген аракеттер жасалуу коркунучу бар деп билдирет. 

Тэги: киберпреступность Google Avast антивирус

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу