Ош шаарында бизнес инновацияларды өнүктүрүү борбору ачылды

17.06.2021, 10:00 Акчабар
Ош шаарында бизнес инновацияларды өнүктүрүү борбору ачылды

Улуу Британия өкмөтү Ош шаарында Бизнес инновацияларды өнүктүрүү борборун ишке киргизди. Бул тууралуу PEAK ишкердикти жана инновацияны өнүктүрүү программасынын маалымат кызматы билдирди.

PEAK Ош Борбору Улуу Британиянын Өкмөтүнүн UK Aid уюмунун колдоосу менен PEAK ишкердүүлүк жана инновация программасынын алкагында ачылган экинчи борбор.

PEAK бизнес инновация борборлору экономиканын ар кайсы тармактарында иш алып барган стартап, микро, чакан жана орто ишканалар менен иштешет жана бизнести ачуу, өстүрүү жана өнүктүрүү потенциалын жогорулатууга жардам берет.

Долбоордун максаты - жумуш орундарын сактоо жана түзүү, инновациялык ишкердик тажрыйбаны киргизүү жана Кыргызстандагы ишкерлерге, анын ичинде жаштар, аялдар, мигранттар жана башка социалдык аялуу катмарга өз бизнесин ачуу мүмкүнчүлүгүн ишке ашырууга көмөктөшүү.

Тэги: PEAK Ош

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу