2020 - жылдын январь айында мамлекеттик баалуу кагаздарды (МКВ жана МКО) чыгаруудан республикалык бюджетке 1 715,82 млн сом киреше түштү. Анын иичнен:
МКВны жайгаштыруунун эсебинен = 705,60 млн сом, анын ичинде:
- 12 айлык МКВ = 483,87 млн. сом;
- 6 айлык МКВ = 24,27 млн. сом;
- 3 айлык МКВ = 197,46 млн. сом;
МКОну жайгаштыруунун эсебинен = 1 010,22 млн сом, анын ичинде:
- 3 жылдык МКО = 234,32 млн. сом,
- 7 жылдык МКО = 775,90 млн. сом.
Маалымдама: Мамлекеттик баалуу кагаздар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан эмитенттелүүчү карыздык милдеттенмелери болуп саналат.
Мамлекеттик казыналык вексель – кыска мөөнөттүү, пайызсыз (дисконттук) МБК;
Мамлекеттик казыналык облигация (мындан ары - МКО) – узак мөөнөттүү, пайыздык кирешеси (купону) бар МБК.
МБКны чыгаруунун максаты – Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин учурдагы тартыштыгын каржылоо жана төлөм мөөнөтү келип жеткен мамлекеттик карызды кайра каржылоо.