Тегеран шаарында кыргыз-иран Өкмөттөр аралык Комиссиянын отуруму болуп ѳттү

09.12.2019, 13:54 Акчабар
Тегеран шаарында кыргыз-иран Өкмөттөр аралык Комиссиянын отуруму болуп ѳттү

2019-жылдын  3-4-декабрында Тегеран шаарында  Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-иран Өкмөттөр аралык Комиссиянын 12-отуруму болуп ѳттү.

Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз - иран Өкмөттөр аралык  Комиссиянын 12-отуруму  Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министри  Жанат Бейшенов  жана Иран Ислам Республикасынын жол жана шаар  өнүктүрүү министри Мохаммад Эсламилердин тең төрөгалыктарында ѳткѳрүлдү.

Аталган иш чаранын алкагында Өкмөттөр аралык  Комиссиянын 12-отурумунун кыргыз тарабынын тең төрагасы  Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министри  Ж. Бейшеновдун   Иран Ислам Республикасынын жол жана шаар  өнүктүрүү министри  М.Эслами менен,  Кыргыз Республикасынын экономика министри  С.Муканбетовдун   Иран Ислам Республикасынын экономика жана каржы министри  Ф.Жеспасанд    жана Иран Ислам Республикасынын  Өнөр жай жана соода министри  Р.Рахмани  мырзалар менен  эки тараптуу жоолугушуулары болуп өттү.

Эки тарап кезектеги Соода-экономикалык кызматташуу боюнча  кыргыз-иран  Өкмөттөр аралык Комиссиянын 13-отурумун Кыргызстанда өткөрүүнү макулдашышты.

 

 

Тэги: Иран взаимное сотрудничество торговля

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу