Дарыгерлерге компенсация катары 600 млн сом бөлүндү - Бакашева

18.06.2021, 10:20 Акчабар
Дарыгерлерге компенсация катары 600 млн сом бөлүндү - Бакашева

2021-жылдын июнь айынын башында кызыл зонада иштеген медициналык адистерге компенсация төлөө үчүн республикалык бюджеттен 600 миллион сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Нарын облусуна болгон жумушчу сапарында билдирди.

Бакашованын айтымында, бардык төлөмдөр өз убагында жана толук көлөмдө жүргүзүлөт.

"Июнь айынын башында кызыл зонада иштеген медициналык адистерге компенсация төлөө үчүн республикалык бюджеттен 600 миллион сом бөлүнгөн. Бардык төлөмдөр өз убагында жана толук көлөмдө жүргүзүлөт. Нарын районунун медицина кызматкерлери бийик тоолуу шарттарда иштешет. Дарыгерлерге жарандардын ден-соолугу жана өмүрү үчүн күрөшүүдө жан аябастык менен эмгектенгендиги үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем", - деди ал.

Тэги: компенсация красная зона

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу