Июнь айында ЕАЭБде жумушсуздук 34% кыскарган

10.08.2022, 10:21 Акчабар
Июнь айында ЕАЭБде жумушсуздук 34% кыскарган

Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин ишке орноштуруу кызматтарында катталган жумушсуздардын саны 2022-жылдын июнь айынын акырына карата 1 миллион 26,6 миң адамды түздү. Мындай статистиканы ЕЭК берет.

Өткөн жылдын ушул датасына салыштырмалуу алардын саны 34%га азайган. Муну менен жумушсуздардын саны 2021-жылдагы 1,7%га каршы жумушчу күчүнүн 1,1% түзөт.

Биримдиктин бардык мүчө-өлкөлөрүндө жумушсуздуктун азайышы белгиленген, бирок ЕАЭБде көрсөткүчтүн жакшыруусуна Россия эң чоң таасирин тийгизген. Мында катталган жумушсуздардын саны 1,7 эсеге, 1 миллион 182,2 миң кишиден 684,2 миңге чейин кыскарган.

Ошол эле учурда ЕАЭБде жумушчу күчкө карата жумушсуздуктун эң жогорку деңгээли Арменияда – 4,2%, эң төмөнкү көрсөткүч Беларуста – 0,2% гана катталган.

Тэги: безрабротица ЕАЭС Кыргызстан экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу