Казакстанда башаламандыктан улам келтирилген зыяндын суммасын аныктоочу комиссия түзүлөт

07.01.2022, 09:10 Акчабар
Казакстанда башаламандыктан улам келтирилген зыяндын суммасын аныктоочу комиссия түзүлөт

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөткө бир катар чукул тапшырмаларды берди. Бизнес үчүн негизги нерселердин бири башаламандын натыйжасында келтирилген зыяндын суммасын баалоо үчүн комиссияларды түзүү болуп саналат.

Мындай чечим башаламандыктан жабыркаган ишкерлерге мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн алкагында кабыл алынды.

Бүгүнкү күндө келтирилген зыяндын так суммасы белгисиз. Бирок Казакстандын “Атамекен” Улуттук ишкерлер палатасынын маалыматы боюнча, анын көлөмү алдын ала 90 млн доллардан ашат.

Мындан тышкары, өкмөт чет өлкөлүк инвестициялык субъектилерди жана чет элдик компаниялардын бизнесин коргоо чараларын көрүшү керек.

“Мамлекет башчысы Улуттук банкка жана Казакстандын Каржы рыногун жөнгө салуу жана өнүктүрүү боюнча агенттигине кырдаал турукташкандан кийин экинчи деңгээлдеги банктардын жана башка финансылык уюмдардын туруктуу жана үзгүлтүксүз иштешин калыбына келтирүүнү камсыз кылууну тапшырды”,- деп билдирди Токаевдин басма сөз кызматы.

Буга чейин Казакстанда өлкөнүн бардык каржы институттары убактылуу токтотулганын эске алганда, бул өзгөчө актуалдуу.

Кошумчалай кетсек, 2-январда Казакстанда суюлтулган газдын баасынын кескин көтөрүлүшүнө байланыштуу башаламандык башталган. Бийлик жаңжалды жөнгө салуу үчүн суюлтулган газга болгон бааны  төмөндөтүү аракетине карабастан, ал бүткүл республика боюнча башаламандыкка чейин жеткен. Учурда Казакстандын башчысы жардамга чакырган ЖККУнун күчтөрү өлкөдө тартипти орнотууга көмөктөшүүдө.

Тэги: Казахстан беспорядки бизнес ущерб Касым-Жомарт Токаев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу