Жарым жылдын ичинде аймактык салык органдары тарабынан салык отчетун тапшырбаган алты миңден ашуун салык төлөөчү аныкталды деп билдирди Мамлекеттик салык кызматы.
Анын ичинен 2 миң 384 юридикалык жактар, 2 миң 91 жеке ишкерлер жана 778 дыйкан чарбалар.
Ошондой эле салык органдарында каттоодон өтпөгөн 2 миң 34 ишкердик субъектилерине тинтүү жүргүзүлдү.
Жалпысынан, 2021-жылдын 1-июлуна карата салык реестринде 754,6 миң субъект катталган.