Кыргызстан Кытай менен газ түтүгүн курууну көздөп жатат

05.11.2020, 14:40 Акчабар
Кыргызстан Кытай менен газ түтүгүн курууну көздөп жатат

Кыргыз-Кытай газ түтүгүн куруу боюнча Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы келишимди ишке ашыруу боюнча иштер кызуу жүрүп жатат. Ушуга байланыштуу, КР Стандартташтыруу борбору Транс-Кыргыз Газ Пайплайн Компани Лимитед менен бирдикте 34 (TC34) «Газ түтүктөрүн куруу жана эксплуатациялоо» техникалык комитети түзүлдү.

ТК 34 негизги иш-милдеттерине - газ түтүктөрүн долбоорлоодо, курууда жана эксплуатациялоодо стандартташтыруу боюнча документтердин долбоорлорун иштеп чыгуу, бул жаатта эл аралык, регионалдык жана кытайлык стандарттарды кабыл алууга көмөктөшүү жана башкалар кирет. 

TC 34 мамлекеттик органдардын жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрүн камтыйт, жумуш үчүн акы төлөө донордук каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.

 

 

 

Тэги: Китай взаимное сотрудничество газ экономика технический регламент

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу