Кыргызстанда керектөө товарларына болгон баалар 13,7%га өстү

23.11.2022, 09:50 Акчабар
Кыргызстанда керектөө товарларына болгон баалар 13,7%га өстү

ЕАЭБде товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө керектөө бааларынын индекси январь-октябрь айларында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 114,1% түздү. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясы билдирди. 

Биримдиктеги өлкөлөрдүн ичинен керектөө товарларына болгон баалар эң көп Белорусияда 15,7% өссө, андан кийин Орусияда 14,1%га жогорулаган. Кийинки орунда Казакстанда 13,9% жана Кыргызстанда 13,7%га өскөн. 

Керектөө баалары баарынан эң аз Арменияда көтөрүлгөн. Ал 8,7%ды түзөт. 

“Кыргызстанда азык-түлүк товарларына баалар 16,1%га, азык-түлүк эмес товарларга 10,9%га, акы төлөнүүчү кызматтарга 9,8%га кымбаттады”, - деп белгиледи Евразия экономикалык комиссиясы. 

 

Тэги: новости Кыргызстана ЕАЭС ЕЭК индексы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу