Жыл аягына чейин пенсиянын жогорулашы күтүлүүдө

06.08.2021, 12:30 Акчабар
Жыл аягына чейин пенсиянын жогорулашы күтүлүүдө

Министрлер кабинети 2021-жылдын аягына чейин пенсияны жогорулатуу маселесин талкуулады. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун Социалдык фонддун төрагасы Жаныбек Орозалиев менен болгон жолугушуусунда белгилүү болгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Озоралиев ушул жылдын аягына чейин пенсияны жогорулатуу механизмдери жана пенсия системасын реформалоонун негизги приоритеттери, анын ичинде пенсия дайындоо процедураларын жөнөкөйлөштүрүү тууралуу маалымат берди.

Марипов, өз кезегинде, пенсиялык камсыздоо тутумун реформалоо жарандарга карата акыйкаттуулукту сунуштап, мурда төлөнгөн суммага шайкеш пенсия менен камсыздоо керектигин белгиледи. 

 

Тэги: экономика пенсии Марипов Соцфонд КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу