Кыргызстанда II кварталдын жыйынтыгы менен мамлекеттик башкаруу секторунун ИДПга болгон кирешеси 37.99% түзгөн. Бул маалыматты Евразия экономикалык комиссия билдирди.
Муну менен катар аталган сектордун чыгашасы ИДПга 37.65% түзөт.
Мамлекеттик башкаруу секторунун карызы 54.78% жеткен жана 2019-жылдын I кварталына салыштырмалуу 1.5% азайган.
Үстүбүздөгү жылдын I кварталына салыштырмалуу ИДПга болгон киреше 1.55% азайып, (39.54% түзгөн), профицит 2.74% кыскарган (3.08% түзгөн). Чыгаша тескерисинче 1.19% өскөн (36.46% түзгөн).