КР ишкерлерчиликтин ИДПга болгон үлүшү 42% түзөт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ишкер айымдардын Дүйнөлүк күнүнө карата арналган конференцияда билдирди.
КР премьер-министри өз сөзүндө экономика жана ишкерчиликте айымдардын орду чоң экенин баса белгиледи.
«Учурда айымдар биздин жашоонун бардык тармагында иш алып барып келишет. Айыл чарба тармагында айымдар 60% ээлеген. Муну менен катар айымдарды негизги кыймылдаткыч күч катары эсептесек болот. Андан сырткары, айымдар туризм жаатында дагы чоң рол ойношот»,— деп билдирди Мухаммедкалый Абылгазиев.