Беш жыл ичинде улуттук валютадагы депозиттердин үлүшү 62% га чейин өскөн

12.05.2021, 11:20 Акчабар
Беш жыл ичинде улуттук валютадагы депозиттердин үлүшү 62% га чейин өскөн

Депозиттердин валюталык түзүмү соңку жылдары чоң өзгөрүүлөргө дуушар болду. Бул тууралуу финансы статистикасы бөлүмүнүн башкы адиси Светлана Валуйская маалымат жыйынынын жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, 2015-жылы валютадагы депозиттердин үлүшү 68,1% түзсө, 2020-жылы чет элдик валютадагы депозиттер калктын бардык аманаттарынын 38,4% түздү.

"Демек, улуттук валютадагы депозиттердин үлүшү 32% дан дээрлик 62% га чейин көбөйгөн", - деди Валуйская.

Анын айтымында, калктын депозиттери банк тутуму үчүн олуттуу каражат булагы болуп саналат. Алар банк секторунун бардык активдеринин болжол менен 35,5% түзөт.

Тэги: банковские вклады Кыргызстан национальная валюта

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу