Ломбарддардын милдеттүү уставдык капиталын 3 млн сомго жеткирүү сунушталды

21.09.2021, 09:13 Акчабар
Ломбарддардын милдеттүү уставдык капиталын 3 млн сомго жеткирүү сунушталды

Экономика жана финансы министрлиги ломбарддардын уставдык капиталын жогорулатууну сунуштоодо. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүн 500 миң сомдон жогорулатуу сунушталууда:

  • 2022-жылдын 1-январынан тартып кеминде 1 миллион сом өлчөмүндө;
  • 2023-жылдын 1-январынан тартып, кеминде 2 миллион сом өлчөмүндө;
  • 2025-жылдын 1-январынан баштап кеминде 3 млн сомдон жогорулатуу мерчемделүүдө.

Демилгечилер каржылык ресурстардын анча чоң эмес өлчөмү ломбарддардын техникалык мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртууга, сапаттуу жана заманбап жабдууларды алууга, сапаттуу баалоо жана контролдоо системасын камсыздоого, күрөөгө коюлган мүлктү сактоо шарттарына мүмкүндүк бербей турганын белгилешти.

Тэги: ломбард

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу