Кыргызстан мамлекеттин экономикага аралашуусун минималдаштырууну каалайт

11.05.2021, 12:10 Акчабар
Кыргызстан мамлекеттин экономикага аралашуусун минималдаштырууну каалайт

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги мамлекеттик активдерди башкарууда жүргүзүлүп жаткан реформалардын негизги багыттарын белгиледи. Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалды.

Алар жеке ишкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган башка реформалар менен катар мамлекеттин экономикага кийлигишүүсүн минималдаштыруу экономиканын өнүгүшүнө шарт түзөт дешет.

Ага ылайык, экономиканын мамлекеттик секторун оптимизациялоо, анын ичинде стратегиялык эмес мамлекеттик активдерди менчиктештирүү аркылуу рынокту жөнгө салуу жана активдерди кыйла натыйжалуу жеке менчик ээлерине жана кесипкөй менеджерлерге өткөрүп берүү чарасы катары каралат.

Муну менен жакынкы мезгилде комплекстүү функционалдык анализдин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик ишканаларга карата төмөнкүдөй чаралар көрүлөт:

  • натыйжасыз стратегиялык эмес ишканаларды жоюу же менчиктештирүү;
  • республикалык бюджеттен каржыланган ишканаларды мамлекеттик мекемелерге трансформациялоо;
  • жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн мамлекеттик активдерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү;
  • калган мамлекеттик ишканаларды консолидациялоо жана кийинки акционерлештирүү жолу менен кайра түзүү.

Мамлекеттин катышуусундагы ишкердик субъектилерине карата төмөнкүлөр боюнча чаралар көрүлөт:

  • атаандаштык шартында иштеген стратегиялык эмес компаниялардын акцияларынын мамлекеттик пакеттерин жана мамлекеттик акцияларын менчиктештирүү;
  • эксплуатациялык иштин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн бир катар компанияларды ишенимдүү башкарууга өткөрүү;
  • компаниялардын башкаруу органдарына көзкарандысыз директорлорду тартуу;
  • инфраструктураны өнүктүрүү үчүн инвестициялык долбоорлорду жана жеке менчик ишканалар долбоорлорун демилгелөө.

Мамлекеттик менчиктештирүү маселелери түздөн-түз мамлекеттик функцияларды аткарган жана калкка социалдык жактан маанилүү кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик социалдык объектилерге карата каралбай тургандыгы маалым болду. 

 

 

 

Тэги: экономика 2021 Минэконом приватизация

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу