Юстиция министрлиги автоунааларды кайра каттоодо жыйымдардын нөлдүк ставкаларын киргизүүнү сунуштады. Мыйзам долбоору буга чейин коомдук талкууга коюлган, деп маалымдады мекеменин басма сөз кызматы.
[жаңылыктар 34070]
Мамлекеттик кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга багытталган президенттин жарлыгына ылайык, өкмөткө ушул жылдын 1-майына чейин автоунааларды кайра каттоодон өткөрүү үчүн жыйымдарды жокко чыгаруу сунушталды.
Юстиция министрлиги талдоо жүргүзүп, кайра каттоодон өткөндүгү үчүн алымдын 0,3% толугу менен жокко чыгарылган учурда, бюджеттин жоготуулары 2021-жылдын экинчи жарымында 53 миллион сомду түзөрү белгилүү болду.
Белгилей кетсек, мекеме ушул жылдын 1-июнунан 31-декабрына чейин транспорттун акысыз кайра каттоосу боюнча бир жолку акция өткөрүүнү сунуштайт.