Бир жыл ичинде Кыргызстанда эң көп азык-түлүк товарларына керектөө бааларынын индекси өстү. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын статистикасында айтылды.
2020-жылдын июль айынан тарта азык-түлүк товарларына керектөө бааларынын индекси 21%га, азык-түлүк эмес товарларга баанын индекси 8,1%га жана акы төлөнүүчү кызматтарга - 4,5%га жогорулады.
Ал эми ЕАЭБдеги азык-түлүк товарларына керектөө бааларынын индекси 8,4% га өскөн.