2017-ж. бери жакынкы мамлекеттерге мыйзамсыз чылым ташып жүргөн жаран кармалды

05.09.2019, 18:10 Акчабар
2017-ж. бери жакынкы мамлекеттерге мыйзамсыз чылым ташып жүргөн жаран кармалды

2017-ж. бери жакынкы мамлекеттерге мыйзамсыз чылым ташып жүргөн жаран кармалды. Мыйзамсыз иш-аракеттен улам бюджетке  24 млн. сом чыгым келтирилген. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти. ​

Ыкчам маалыматка ылайык, 1-сентябрда УКМКнын кызматкерлери Mercedes Sprinter автоунаада эч кандай тастыкточу маркасы жок,  ар түрдүү аталыштагы 79 коробка тамекини кармашкан. 

Маалыматка ылайык,  А.Б. аттуу жаран 2017-ж. бери  КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик Бажы кызматында, Мамлекеттик салык кызматында, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлери менен атайын сүйлөшүп алуу аркылуу атайын тастыктоочу маркасы жок тамекилерди Орусияга, Казакстанга жана жакынкы мамлекеттерге ташып турган. Табылган товарлардын жалпы суммасы 70 млн. сомду түзөт. 

 

Тэги: ГКНБ контрабанда коррупция

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу