Республикалык бюджеттин чыгашасы акыркы тогуз айда 93.5 млрд. сомду же 1.3 млрд. $ түзгөн. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирет.
Республикалык бюджеттин чыгашасы январь-сентябрь айларында 93 млрд. 566.4 миң сомду түзгөн. Анын ичинен бюджеттик мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгек акысына 21.9 млрд.сом же 23.4% жумшалган. Социалдык жардам катары көрсөтүлгөн жөлөк пулдун суммасы 7.2 млрд.сомду түзгөн.
Бюджеттик мекемелердин ар түрдүү керектөөчү товар жана кызматтардын баасы 5.9 млрд. сомду, коммуналдык кызматтарга – 711.4 млн. сомду түзгөн.
Мамлекеттик карызды жабууга жыл башынан бери 18.9 млрд. сом жумшалган.
Каржы министрлиги билдиргендей, калган каражат 38.9 млрд. сом, башка корголгон жана корголбогон беренелери боюнча сарпталган.