Балыкчы - Барскоон жолун оңдоп-түзөө башталды

04.08.2021, 15:30 Акчабар
Балыкчы - Барскоон жолун оңдоп-түзөө башталды

Ысык-Көл облусунда Балыкчы - Барскоон жолун реабилитациялоо башталды. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Долбоор «Кыргызалтын» ААКтын каржылоосу менен ишке ашууда. Баштапкы этапта жолдун 25 чакырымын реконструкциялоо пландалууда, ал эми маршруттун жалпы узундугу 141,6 чакырымды түзөт.

Белгилей кетсек, Балыкчы - Барскоон унаа жолунда 50 жылдан ашык убакыттан бери капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес.

Долбоордун башкы подрядчысы Кыргызстандын жол курулуш компанияларынын ассоциациясы болуп саналат. Буга чейин жол тармагында жергиликтүү компанияларга ири долбоорлорго катышууга мүмкүнчүлүк берилген бир дагы учур болгон эмес.

 

 

Тэги: автодорога Кумтор Голд Компания

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу