Беш айда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 9,7% га төмөндөгөн

11.06.2021, 15:00 Акчабар
Беш айда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 9,7% га төмөндөгөн

Ушул жылдын январь-май айларында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү болжол менен 127 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 9,7% га төмөндөгөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.


Бул тенденция фармацевтикалык продукцияны (41% га), химиялык продуктуларды (31,6% га), негизги металлдарды жана даяр металл буюмдарын өндүрүү, машиналардан жана жабдуулардан тышкары (29,4% га), ошондой эле тоо-кен казып алуу тармагынын төмөндөшүнө байланыштуу байкалууда (4,3% га).


Терс тенденциялар курулушта да байкалган, анда көлөмдүн төмөндөшү 15,9% түзгөн. Ал эми айыл чарбасында, тескерисинче, көлөмдүн 1,2% га, ошондой эле дүң жана чекене соода жүгүртүүнүн - 9,9% га көбөйүшү байкалган.

 

Тэги: градостроительство промышленная продукция

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу