2019-жылдын ноябрь айында коммерциялык банктардагы депозиттик портфельдин көлөмү 146.4 млрд сомду түзгөн. Октябрь айы менен салыштырып караганда, депозиттердин көлөмү 2.4% (3.3 млрд сомго) кыскарган. Бул тууралуу Улуттук банк билдирет.
Улуттук валютадагы депозиттер 88.2 млрд сомду түзүп, бир ай ичинде 1.2 млрд сомго жогорулаган. Чет элдик валютадагы депозиттер 7.3% (62.7 млрд сомдон 58.1 млрд сомго) кыскарган.
Депозиттердин 55% физикалык жактарга таандык. Жалпы суммасы 80.6 млрд сомду түзөт.