Ишкерлерди колдоо жана инвестицияларды тартуу боюнча иш-чаралар аныкталды

05.07.2021, 16:30 Акчабар
Ишкерлерди колдоо жана инвестицияларды тартуу боюнча иш-чаралар аныкталды

 

Президент Садыр Жапаров ушул жылдын 23-июнунда бизнес коомчулугу менен жолугушуудан кийин мамлекет башчысынын тапшырмаларын аткарууну камсыз кылуу максатында буйрукка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, өлкөнүн министрликтеринин жана мекемелеринин башчыларына, министрлер кабинетинин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына президенттин ишкерлер менен жолугушуу учурунда айтылган тапшырмаларын аткарууну камсыз кылуу тапшырылды.

Президенттин тапшырмаларын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн жетекчилер тартиптик жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.

Жапаровдун буйругу менен инвесторлорду тартуу жана Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк ишинин күчөтүлүшү, логистикалык борборлорду ачуу жана көмүскө экономиканын көлөмүн кыскартуу маселелери камтылган.

Тэги: экономика инвестиции

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу