Жөлөкпулдардын айрым категорияларынын өлчөмү көбөйтүлдү

03.09.2021, 10:00 Акчабар
Жөлөкпулдардын айрым категорияларынын өлчөмү көбөйтүлдү

Садыр Жапаров "Жарандардын айрым категорияларына ар айлык социалдык жөлөкпулдардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди. 

Жарлыкка ылайык, ар айлык социалдык жөлөкпул алган балдарга жана бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга социалдык колдоону күчөтүү максатында, Министрлер кабинетине тапшырылды: 

1) Ушул жылдын 1-октябрынан тарта ар айлык социалдык жөлөкпулдардын өлчөмдөрүн 50 пайызга көбөйтүү:

  • ВИЧке же СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга 4000 сомдон 6000 сомго чейин;
  • ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга 4000 сомдон 6000 сомго чейин;
  •  атасынан же энесинен айрылган балдарга 1000 сомдон 1500 сомго чейин;
  • атасы менен энесинен айрылган балдарга 2000 сомдон 3000 сомго чейин;
  • бала кезинен I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга 4000 сомдон 6000 сомго чейин;
  • бала кезинен II топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга 3300 сомдон 4950 сомго чейин;
  • бала кезинен III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга 2700 сомдон 4050 сомго чейин;
  •  атасы менен энеси белгисиз балдарга 2000 сомдон 3000 сомго чейин;

2) 1-октябрга чейин эсептелген ар айлык социалдык жөлөкпулдардын өлчөмдөрүнө карата ар айлык социалдык жөлөкпулдардын өлчөмдөрүн 2022-жылдын 1-январынан тартып 100 пайызга көбөйтүү:

  • ВИЧке же СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга 4000 сомдон 8000 сомго чейин;
  • ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга 4000 сомдон 8000 сомго чейин;
  •  атасынан же энесинен айрылган балдарга 1000 сомдон 2000 сомго чейин;
  •  бала кезинен I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга 4000 сомдон 8000 сомго чейин;
  •  бала кезинен II топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга 3300 сомдон 6600 сомго чейин;
  •  бала кезинен III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга 2700 сомдон 5400 сомго чейин;

3) 2021-жылдын 1-октябрына чейин эсептелген ар айлык социалдык жөлөкпулдардын өлчөмдөрүнө карата ар айлык социалдык жөлөкпулдардын өлчөмдөрүн 2022-жылдын 1-январынан тартып 200 пайызга көбөйтүү:

  • атасынан же энесинен айрылган балдарга 2000 сомдон 6000 сомго чейин;
  • атасы менен энеси белгисиз балдарга 2000 сомдон 6000 сомго чейин;

Чыгашалардын каржылоо булагы республикалык бюджеттин каражаттары болот.

Тэги: пособия бюджет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу