Май айында Кыргызстан англиялык-шведдик фармацевтикалык AstraZeneca компаниясынан британиялык вакцинаны алат. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов "Фейсбуктагы" баракчасынан түз эфирде жарыялады.
Премьер-министр бардык чыгымдалуучу материалдар алынгандыгын жана бул вакцинаны каалаган адам үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан акысыз ала алаарын айтты.
Эске салсак, бир күн мурун, Европа комиссиясынын отурумунда, AstraZeneca компаниясын сотко берүү чечими кабыл алынган, анткени ал Ковид-19га каршы вакцинаны жеткирүү боюнча шарттарды аткарган эмес.