Депутат: Экономикалык кылмыштуулукка катыштыгы барлар камакка алынбасын

31.10.2019, 14:25 Акчабар
Депутат: Экономикалык кылмыштуулукка катыштыгы барлар камакка алынбасын

Депутат Дастан Бекешев парламенттин отурумунда экономикалык кылмыштуулук боюнча кылмыш ишине катыштыгы барлар камакка алынбасын деп айтып чыкты.

Анын билдирүүсү боюнча, айыпталуучуларды тергөө абагына киргизишет, андан кийин тергөөчүлөр белгилүү бир сумманы ишкерлерден талап кылып, мунун эсебинен укук коргоо түзүмдөрү коррупцияга каршы эсепти толтуруп жатат.

«Эч ким камакта отургусу келбейт, коммерсанттар дагы тергөө менен сүйлөшүп алат. Бул туура эмес. Мындай кишилерге сотко чейинки өндүрүш маалында же үй камагына чыгарылып, же чет жерге чыгышына тыюу салынышы керек», — деди Дастан Бекешев.

Ал УКМКнын тергөө абагындагы кишилерди кармоого жылына 100 миллион сом, ЖАМКтын тергөө абагына 200 миллион сом коротула турганын айтты.

 

Тэги: взятка коррупция

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу