Кыргызстан карыз чегин бюджетке карата 70% га чейин көтөрүүнү сунуштайт

24.12.2020, 13:50 Акчабар
Кыргызстан карыз чегин бюджетке карата 70% га чейин көтөрүүнү сунуштайт

Каржы министрлиги карыздын босогосун 70% га чейин көтөрүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу аталган мекеменин орун басары Улугбек Кармышаков маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Бюджет кодексинде карыз чеги 60% ашпашы керек деп атайын жазылган эмес.

"Тилекке каршы, бүгүнкү күндө тышкы карызыбыз жана мамлекеттик карызыбыз 60% дан бир аз ашты. Бюджеттик кодексте эмнеден ашырбоо керектиги так көрсөтүлгөн эмес. Ошондуктан, бул багытта биз Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексине толуктоолорду киргизүү, тактоо боюнча гана иштеп жатабыз, ал парламентте талкууланып жатат",- деди ал.

 

Тэги: Минфин госдолг бюджет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу