Уюлдук идентификациялоо тутуму жана «Текшер» уюлдук тиркемеси презентацияланды

15.09.2021, 09:14 Акчабар
Уюлдук идентификациялоо тутуму жана «Текшер» уюлдук тиркемеси презентацияланды

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов мобилдик идентификация системасы жана "Текшер" мобилдик тиркемесинин иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, мобилдик идентификация системасы электрондук кызматтарды алуу процессин жөнөкөйлөтөт, бюрократиялык процесстерди кыскартат, калк менен физикалык байланышты жокко чыгарат жана коррупциялык тобокелчиликтерди азайтат. Колдонмо аркылуу жакын арада мамлекеттик кызматтарды онлайн режиминде колдонуу мүмкүн болот.

Улукбек Марипов санариптик өнүктүрүү министрлигине тийиштүү тапшырмаларды берип, тиркеменин ведомстволор аралык "Түндүк" электрондук тутуму менен интеграциялоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Мындан тышкары, ал тиешелүү мамлекеттик органдарга дарыларды маркалоо үчүн инфраструктураны түзүү боюнча ишти тездетүүнү тапшырды.

Тэги: цифровизация

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу