Бишкекке Татарстандан ишкерлер келди

25.08.2021, 16:30 Акчабар
Бишкекке Татарстандан ишкерлер келди

Инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматовдун чакыруусу менен Бишкекке Татарстан Республикасынан бизнес делегация келди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Делегацияны Татарстандын соода өнөр жай палатасы союзунун төрагасынын орун басары жетектеген. Анын курамында "ТатНефть", "Кулоэнергомаш", "Рус ойл технолоджи", "Легпром" жана башка ири компаниялар бар.

Ишкерлер Кыргызстанда филиалдарды ачууга, биргелешкен ишканаларды түзүүгө, кызматтарды көрсөтүүгө, айыл чарба жана тигүү продукциясын импорттоого жана экспорттоого кызыкдар экенин белгилешти.

Жолугушуунун жүрүшүндө алар түрдүү тармактардагы эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты арттыруу маселелерине токтолушту.

Ошондой эле, эки тараптуу бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен бир катар жолугушуулар өтөөрү күтүлүүдө.

Тэги: экономик бизнес-делегация Татарстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу