Өлкөдө керектөө баалары 12,1%га өстү

11.11.2022, 10:55 Акчабар
Өлкөдө керектөө баалары 12,1%га өстү

Ушул жылдын алгачкы он айында өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу керектөө бааларынын өсүшү 12,1%ды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.

Тамак-аш азыктарына, алкоголсуз суусундуктарга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына баа 19,4%га, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга 13,1%га жогорулады. Азык-түлүк товарлары 10%, калкка кызмат көрсөтүү үчүн тарифтер 8% кымбаттады.

“Бул аралыкта эң көп кант 33,5%га кымбаттаса, ун 26,9%га, макарон 22,5%, сүт азыктары 22,4% жана кондитердик азыктарга керектөө баасы 21,6%га кымбаттады”, - деди Улуттук статистикалык комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов.

Быйыл январь-октябрь айларында керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы өлкөнүн бардык аймактарында байкалды. Максималдуу баанын жогорулашы 14,8% менен Нарын облусунда катталган. Башка облустарга салыштырмалуу эң көп Нарында алкоголдук ичимдиктердин жана тамеки буюмдарынын баасы көтөрүлгөн. Ал 43,8%ды түздү. 

 

Тэги: новости Кыргызстана экономика цены

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу