Кыргызстанда металлдарды жана андан жасалган буюмдарды өндүрүү 36,6% га кыскарган

21.07.2021, 10:59 Акчабар
Кыргызстанда металлдарды жана андан жасалган буюмдарды өндүрүү 36,6% га кыскарган

Кыргызстанда негизги металлдарды жана даяр металл буюмдарын өндүрүү 36,6% га төмөндөдү. Мунун себеби Кумтөр кенинде өндүрүштүн азайганына байланыштуу экендиги Экономика министрлигинен маалым болду. 

Ошол эле учурда, Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда өндүрүштүн көлөмү 15,9% га көбөйгөн.

"Акыркы 12 айда, биринчи жолу, 2021-жылдын июнь айынан бери тоо-кен иштеринин көлөмү оң динамиканы көрсөтүп, 2,1% га жогорулады", - деп билдирди Экономика министрлиги.

Бул көрсөткүч Жерүй алтын кенин эксплуатациялоого, ошондой эле "Кыргыз Унаа Курулуш" машина куруу заводунун DongFeng жеңил жүк ташуучу унааларын чыгаруу линиясынын ишке киришүүсүнө байланыштуу болгон.

"Компания лифттерди, чакан ГЭСтер үчүн турбиналарды, энергияны үнөмдөөчү электр эсептегичтерин өндүрүү процессин жолго койду. Электр унааларын, анын ичинде тез жардам унааларын чыгаруу пландалууда", - деп кошумчалашты министрликтен.

Тэги: производство металлы Кумтор Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу