Кыргызстандагы ишкерлердин саны 402 миңди тузөт. Бул тууралуу КР Улуттук статистикасы билдирет.
2018 – жылы Кыргызстанда 15 миң ишкана өз ишин баштаган. Алардын ичинен кичи ишканалардын санын - 93% , орто ишкананы – 5%, ири ишканалар – 2% түзөт. Кичи жана орто ишканалардагы жумушчулардын саны – 91 миңге жетет.
Ишканалардын көпчүлүк бөлүгү (26%), соода тармагын түзөт. 15% өнөр-жай тармагында, курулуш жаатында – 12%.