Кыргызстанда санариптик өнүгүү маселелери боюнча эксперттик кеңеш түзүлөт

23.02.2023, 09:29 Акчабар
Кыргызстанда санариптик өнүгүү маселелери боюнча эксперттик кеңеш түзүлөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров санариптик өнүктүрүү жана IT-технологиялар тармагындагы эксперттер менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. 

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, президенттик администрация киберкоопсуздук, булут жана финансылык технологиялар, санариптик трансформация сыяктуу тармактарда жетиштүү тажрыйбага ээ болгон адистердин катышуусунда көз карандысыз эксперттик кеңеш түзүү чечимин кабыл алды.

Анын айтымында, быйыл "Санариптик Кыргызстан 2019-2023" программасын ишке ашыруу жыйынтыкталып жатат, буга байланыштуу жакынкы жылдарга санариптик мамлекетти куруунун негизги максаттарын, принциптерин жана эрежелерин аныктаган санариптештирүүнүн жаңы концепциясын иштеп чыгуу зарыл.

"Кызматташуу аркылуу биздин республиканы санариптик трансформациялоонун бардык муктаждыктарына жооп берген мамлекеттик башкарууну санариптештирүү жана санариптик экономиканы стимулдаштыруу боюнча концепцияны иштеп чыга алабыз деп ишенем. Салык жол-жоболорун фискалдаштыруу боюнча долбоордун алкагында электрондук эсеп-фактураларды, электрондук товардык коштомо баракчаларды жана башка санариптик инструменттерди киргизүү аркасында 2022-жылы 2021-жылга салыштырмалуу 148% көбүрөөк салык чогултуу мүмкүн болду. Ар бириңиздердин өлкөбүздө кандай технологиялык чечимдерди ишке ашыруу боюнча идеяларыңыз жана пикириңиздер бар деп ишенем", - деди Акылбек Жапаров.

Ал ошондой эле республиканы мындан ары өнүктүрүү боюнча алдыңкы сунуштарды жана идеяларды талкуулоо үчүн алдынкы дүйнөлүк компанияларда иштеген мекендештер менен быйыл жолугууга даяр экендигин билдирди.

 

Тэги: новости Кыргызстана цифровизация IT-технологии

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу