2019 – жылы Кыргызстанда 317 миң тоннадан ашык картошка, 584.6 миң тонна жемиш, коон – 198.7 миң тонна жыйналды. Бул маалыматты КР Мамлекеттик статистика комитети билдирет.
Ал эми эгин өткөн жылга салыштырмалуу 0.6% көбүрөөк, 363.4 миң тонна жыйналган.
Бастырылган эгин 966.3 миң тоннага жетип, өткөн жылга салыштырмалуу көлөмү 2.1% өскөн.
Өткөн жылга салыштырмалуу республикада арпа жыйноо 9.3% өскөн, анын ичинен Нарын облусунда – 2.3 эсеге, Жалал-Абад облусунда – 1.5 эсеге, Талас облусунда – 18%га жана Чүй облусунда – 6.4 % өскөн.