Республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын маалыматтары боюнча, 2021-жылдын 30-июнуна карата дары-дармектердин иш жүзүндөгү запасы 317,7 миллион сомду түздү, деп билдирди Республикалык штаб.
Ошондой эле, дары-дармек жана медициналык буюмдар департаменти Кыргызстандын дарыканаларында коронавирус инфекциясын дарылоо үчүн зарыл болгон дары-дармектер жана медициналык шаймандар жетиштүү экендигин маалымдайт.
Бишкек шаарында коронавирус инфекциясы менен ооругандарды кабыл алуу үчүн 2152 керебет жайгаштырылган, анын 163ү реанимация бөлүмдөрү.