Өткөн жылдын июнь айына салыштырмалуу калкка көрсөтүлгөн кызматтарга тарифтер 4,3% га жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Ушул жылдын январь-июнь айларында жалпы республика боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер 1,2% га жогорулады. Анын ичинен мектепке чейинки жана башталгыч билим берүү кызматтарына (6,7% га), турак жайларды күндөлүк тейлөөгө жана оңдоого (5,9% га), тигүү кызматтарына (4,3% га), жеке унааларды техникалык тейлөөгө жана оңдоого (3,8% га), амбулаториялык кызматтар (2,7% га), маданий иш-чараларды уюштуруу боюнча кызматтар (2,5% га), чачтарач кызматтары (1,6% га), транспорттук кызматтар (1,5% га) жана мейманканалар боюнча (1,5% га) тарифтердин олуттуу жогорулоосу катталган.