2019-жылдын январь - ноябрында негизги капиталда инвестицияларды өздөштүрүү деңгээли өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу бардык каржылоо булактарынын эсебинен 6,3 пайызга көбөйгөн (2018-жылдын январь - ноябрында 3,8 пайызга өскөн). Өткөн жылга салыштырмалуу өсүү 3.8% түзөт. Бул тууралуу КР Каржы министрлиги билдирет.
Отчёттук мезгилде иш жүзүндө 133 616,7 млн. сом негизги капиталда өздөштүрүлдү.
Курулуштун дүң өнүмүнүн жалпы көлөмү 2019-жылдын январь- ноябрында 9,8 пайызга өсүп, 138 307,5 млн. сомду түздү. 9.8 пайызга өсуү байкалган.