Мамлекеттик ишканалардын сатып алууларын уюштуруу тартиби бекитилди

14.06.2022, 11:36 Акчабар
Мамлекеттик ишканалардын сатып алууларын уюштуруу тартиби бекитилди

Министрлер кабинети мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын уставдык капиталындагы үлүштүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке, анын ичинде алардын туунду ишканаларына таандык болгон чарбалык коомдор тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана өткөрүүнүн типтүү тартибин бекитти.

Максаты – мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын жана чарбалык субъектилердин акцияларынын 50 жана андан ашык пайызы (үлүштөрү) мамлекетке таандык болгон сатып алуулар системасын тартипке келтирүү.

"Министрлер кабинети "Инфосистемс" ишканасына алты айдын ичинде субъекттер тарабынан сатып алуулар үчүн маалыматтык системаны иштеп чыгып, ишке киргизүү чечимин тапшырды", — деп айтылат маалыматта.

Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Тэги: кабмин госзакупки

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу